ЖАҢЫ БИЙИКТИКТЕН ДАГЫ БИЙИКТИККЕ!
Биздин студенттерибизди кезектеги ийгиликтери менен куттуктайбыз!
Нарын медициналык колледжинин студенттери “Анатомия жана физиология”, “Микробиология жана вирусология” предметтери боюнча Эл аралык катышуу менен өткөн Республикалык интеграциялык Олимпиадага онлайн катышып, мыкты жетишкендиктерди көрсөтүштү.
Алтынбекова Нурпери 80 катышуучунун арасынан 2-орунду ээледи, ал эми Калмурзаева Жазира катышуучунун сертификатына татыктуу болду. Ал олимпиадада активдүү катышып, баардык катышуучулар үчүн жакшы үлгү көрсөттү.
Учурдан пайдаланып алардын жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз:
• “Анатомия” предмети боюнча — Темирканова Б.А.;
• “Микробиология” предмети боюнча — Турарбекова Г.Т.
Бул Олимпиада Батыш-Казакстан Жогорку Медициналык Колледжи тарабынан уюштурулган.
Биздин студенттер жана окутуучулар өзүнүн профессионалдык деңгээлин дагы бир жолу далилдешти. Жаңы жеңиштерге жана бийиктиктерге жетишүүгө тилектешпиз!