САГЫНЫЧТУУ САЛАМ САГА, ОКУУ ЖАЙЫМ!
(07.06.2024)Бүгүн Нарын медициналык колледжинде аталган окуу жайды мындан 30, 20, 15 жана 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн эсте каларлык жолугушуусу жагымдуу маанайда өттү.
Биздин администрация тарабынан уюштурулган бул иш чара чыныгы эскерүүлөрдүн жана жолугушуулардын майрамына айланды. Конокторубузду жылуу тосуп алып, аларга чакан концерт уюштурулду.
Ар бир топтун бүтүрүүчүлөрү жүрөктүн төрүнөн орун алган таасирдүү сөздөрүн айтышты.
«Чындыгын айтсам, биз мектепти бүтүп-бүтпөй эле бала бойдон келип, ушул окуу жайдан билим жана тарбия алдык. Окуу жайды аяктаган соң үзгүлтүксүз дээрлик 20 жыл бою өзгөчө кырдаалдар кызматын аркалап келе жатам. Ошондо алган билим ушуга чейин өз үзүрүн берип келе жатат. Бирок бул тармакта эмгектенүү оңой эмес. Анткени күтүлбөгөн оор кырдаалдар болот, темирдей тартип талап кылынат, адамдын ден соолугу эле эмес, өмүрү таразага коюлат. Андыктан училищадан (ал кезде колледжд статусун ала элек болчу) алган билимибиз жана көндүмдөр көп пайдасын тийгизди. Биз ыраазыбыз» – деди “Дарылоо иши” адистигинин бүтүрүүчүсү Байтемир Турдукожоев.
Бүтүрүүчүлөрдүн көбү өз тармагында иштешет жана колледждеги билими аларга квалификациялуу адис болууга жана инсан катары калыптанууга кандайча жардам бергени үчүн ыраазычылыгын билдиришти. Өз адистиги боюнча түз иштебеген айрым бүтүрүүчүлөр да колледжден алган билимин жана тарбиясын жогору баалай тургандыгын баса белгилешти. Колледжди аяктагандан кийин медициналык академияда окуусун улантып, дарыгер болуп, ушул тармакта азыр да ийгиликтүү иштеп жаткандар бар экени сыймыктандырат.
Ошол жылдардагы кураторлор А.Шамеева У.Д.Шырдакова жана азыркы учурда колледждин директору Т.Б.Арпачиевага алкыш сөздөр айтылды. Бүтүрүүчүлөр куру алакан келбей, колледжге ыраазычылыктарын билдирип, гүлдестелерин сунуп, колдоо көрсөтүштү.
Кабыл алуудан кийин бүтүрүүчүлөргө колледж боюнча экскурсия уюштурулду. Бул жылдар аралыгында болуп өткөн өзгөрүүлөргө баары кубанышты. Алар жакшыртылган шарттарга суктанып, колледжден алган билими үчүн жылуу каалоо-тилектерин айтышты.
Бүтүрүүчүлөрүбүзгө колдоо көрсөтүп, бүгүнкү жолугушууга катышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Унутулгус күн жана жарык маанай, жаркын жүздөн күлкү чачыраган бул жолугушуу үчүн баарына чоң рахмат айтмакчыбыз!
#Бүтүрүүчүлөржолугушуусу
#Нарынмедициналык #колледжи #Ностальгия #Эстеликтер #Колледжгеколдоо