НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ 10, 15 ЖЫЛДЫК ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ БОЛУП ӨТТҮ


10, 15 ЖЫЛДЫК ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ
”Жан дүйнөмө бүлүк салган
Жаштыгымдын элестери.
Жалындаган курагымды эстеп турам, көз алдыман өткөрүп” демекчи бүгүн Нарын медициналык колледжинде мындан 10 ,15 жыл мурун бүткөн “Медайымдык иш”, “Дарылоо иш” “Стоматология”,Фармация”бөлүмүн аяктаган бүтүрүүчүлөр келишип, колледждин материалдык- техникалык базасына экскурсия жасашты. Андан соң, колледждин жыйындар залында колледждин окутуучулар жана студенттер жамааты менен жолугушуп, пикир алышуулар, бүтүрүүчүлөргө арналган ыр -күүлөр орун алып, колледждин окутуучулар жамаатына ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.
Бүгүнкү жолугушуу эсте калаарлык деңгээлде өттү.