🥳🥳🥳 10, 15 ЖЫЛДЫК ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ🤝🤝🤝
🎉”Жан дүйнөмө бүлүк салган
🎉Жаштыгымдын элестери.
🎉Жалындаган курагымды эстеп турам, көз алдыман өткөрүп” демекчи бүгүн Нарын медициналык колледжинде мындан 10 ,15 жыл мурун бүткөн “Медайымдык иш”, “Дарылоо иш” “Стоматология”,Фармация”бөлүмүн аяктаган бүтүрүүчүлөр келишип, колледждин материалдык- техникалык базасына экскурсия жасашты. Андан соң, колледждин жыйындар залында колледждин окутуучулар жана студенттер жамааты менен жолугушуп, пикир алышуулар, бүтүрүүчүлөргө арналган ыр -күүлөр орун алып, колледждин окутуучулар жамаатына ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.
🎉🎉🎉Бүгүнкү жолугушуу эсте калаарлык деңгээлде өттү.