Эрте аныктоо – өмүр сактоо
Биздин Нарын медициналык колледжинин эки окутуучусу, Абдыразакова Ж.Д. жана Шаршенова У.А., жатын моюнчасынын жана эмчек рагынын эрте аныктоо боюнча уникалдуу окуудан ийгиликтүү өтүштү. Бул маанилүү курс “Чек арасыз дарыгерлер” (MSF) эл аралык уюму тарабынан жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академия менен биргеликте уюштурулган.
Окутуучулар 36 сааттык теориялык курсту ийгиликтүү аяктап, жатын моюнчасынын жана эмчек рагынын эрте аныктоону үйрөнүштү. Андан соң, студенттерди жана медайымдарды окутуу укугуна ээ кылган 40 сааттык дагы бир тренерлик курсту ийгиликтүү бүтүрүштү. Бул курстар Берлинден келген “Чек арасыз дарыгерлер” (MSF) уюмунун гинекологу, доктор Жан Калибуши Бигирман тарабынан окутулду.
Бул тажрыйбанын натыйжасында биздин окутуучулар азыр студенттерди жана медайымдарды окутууга даяр. Бул курс биздин колледждин билим берүү сапатын жогорулатууга жана медициналык тармакта күчтүү адистерди даярдоого чоң салым кошууга өбөлгө болот.