“САЛАМАТ ЖҮРӨК” ДЕНИ САК НАРЫНДЫКТАР ҮЧҮН
“САЛАМАТ ЖҮРӨК” ДЕНИ САК НАРЫНДЫКТАР ҮЧҮН
Бүгүн 27-апрель күнү Нарын медициналык колледжинде адаттагыдан башкача жемиштүү күн болду. Анткени Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министрлигининин алдындагы академик М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана борборунун дарыгер адистери Нарын шаарына келишти.
Алар “Ыкчам кардиология” программасынын алкагында (2023-2027жж) жүрө кан-тамыр ооруларын жана башка жугуштуу эмес оорулардын интеграцияланган алдын-алуу боюнча текшерүү (check up) модулун жүргүзүштү.
Ошондой эле “Миррахимов окуусу” деп аталган Нарын аймагынынын дарыгерлери үчүн практикалык мүнөздөгү лекция өткөрүлдү. “Жүрөк оорулары менен ооругандар көп. Адатта жүрөгү ооруган адам аны байкабай калат, бир заматта көз жумган учур көп кездешет. Кыргызстанда калктын өлүм көрсөткүчүнүн 52%ын түзүү менен башкы себеп болуп эсептелет ”-деди
Кыргыз Республикасынын башкы пульмонологу Талант Маратбекович Сооронбаев өз сөзүндө жергиликтүү элге жана дарыгерлерге кайрылуусунда. Келген адамдарга акысыз жалпы текшерүү, ЭКГ жана кандагы канттын курамын текшерүү өткөрүлүп, мындай кызматтарды көрсөтүүдө Нарын медициналык колледжинин студенттери көмөк көрсөтүштү.
Аталган окуу НМКда эмгектенген дарыгер окутуучуларга да пайдалуу болду. “Саламат жүрөк” программасы жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча алдыңкы көрсөткүчтөргө ээ тоолуу аймакта жашаган Нарын калкы үчүн оорунун алдын алуу жана дарылануу үчүн күмөнсүз өз жемишин бере алат деген ишенимде катышуучулар бул окуудан канааттануу менен кайтышты.