АЗАМАТТЫН КАДЫРЫН, АТАСЫ ЭМЕС, ЭЛ БИЛЕТ.
АЗАМАТТЫН КАДЫРЫН, АТАСЫ ЭМЕС, ЭЛ БИЛЕТ.
“Эр жигитти эл ичинде сынаба,эл четинде сына,кан кечкен жоо бетинде сына” дегендей, Нарын медициналык колледжинин бүтүрүүчүлөрү:
КР Жарандык коргонуу адистерин кайра даярдоо борборунун улук окутуучусу, улук лейтенант-Имеров Медербек, Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынын фельдшер- куткаруучусу, прапорщик-Исаев Руслан, Бишкек шаарына караштуу Ленин району боюнча өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө өрт өчүрүүчү, сержант- Нуралиев Адилет, Турция мамлекетиндеги зилзалада Баатыр элдин урпактары экендигин далилдеп, кайгысын тең бөлүшүп,Түрк элинин жүрөгүнөн орун алып, милдетин жоопкерчилик менен так аткарып ,эл сыймыгына ээ болушту. Азаматтын даңкын чыгарган эмгек эмеспи. Эл үчүн кызмат кыла бергиле.
Урматтуу биздин бүтүрүүчүлөр, биз силер менен сыймыктанабыз!

24-МАРТ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
24-МАРТ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
Нарын медициналык колледжинин студенттери 24-март “Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө” карата кургак учук менен ооруган бейтаптарга кодулоо жана басмырлоого бөгөт коюу максатында тартылган ролик сынагына катышты.
Сынактын жыйынтыгында аталган колледж 1- орунду ээлешип, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ MER ДОЛБООРУНУН КОМАНДАСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ.
НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ MER ДОЛБООРУНУН КОМАНДАСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ.
(14.03.2023) Женева шаарынан Марина Джиачино жана Катрин Зиммерман МЕR долбоорунун командасы менен Нарын медициналык колледжинин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттери менен жолугушуу өттү.
Аталган долбоордун максаты – “Медайымдар иши” адистиги боюнча пилоттук программа кандай өтүп жатканын, ошондой эле бул программага кабыл алынган студенттердин практикасы кандай жүрүп жатканын билүү.
Швейцария Республикасынын каржылоосу менен «Медайымдык билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы медициналык колледждери пилоттук режимде «Медициналык айым иши» адистигинин жаңыртылган окуу пландары менен 2022-2023-окуу жылынан тартып Нарын медициналык колледжи иш алып барууда

КОРЕЯ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ АГЕНТТИГИНИН (KOICA) ӨКҮЛДӨРҮ НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ
КОРЕЯ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ АГЕНТТИГИНИН (KOICA) ӨКҮЛДӨРҮ НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ
Бүгүн 2023-жылдын 23-мартында Нарын медициналык колледжине Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жетекчиси Ли Джонгсу, волонтердук программанын координатору Квон Хери жана менеджери Айзат Кыдыкбекова волонтердук иштердин ишмердүүлүгү боюнча жолугушууга келишти.
Буга чейин Нарын медициналык колледжине 2023- жылдын 17-январында КOICA Эл аралык уюму тарабынан “Медициналык иш” багытында волонтердук милдетти аткаруу үчүн Сонг Хеюн айым келген.
Нарын медициналык колледжинин директору Т.Б.Арпачиева келген конокторду жылуу тосуп алып, кызматташуунун мындан аркы кадамдарын талкуулашты.
Расмий жолугушуудан кийин конокторго волонтер Сонг Хеюндун колледжде алып барып жаткан иштери тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, андан соң колледждин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты.
Ли Джонгсу мырза KOICA ыктыярчыларына көрсөткөн колдоосу жана тыгыз иштешүүсү үчүн Нарын медициналык колледжинин жетекчисине жана эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.

“АЙТМАТОВ КҮНҮ-АДАБИЯТ ҮНҮ”
Бүгүн Нарын медициналык колледжинде Ч.Айтматовдун 94 жылдыгына карата Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында “Айтматов күнү-адабият үнү” деген темада Нарын обасттык С.Орозбаков атындагы китепкаканын өкүлдөрү менен Нарын медициналык колледжинин китепканачылары менен бирдикте китеп көргөзмөсү уюштурулуп,анда Айтматовдун чыгармаларынын топтомдору текчелерге коюлуп,колледждин студенттери тарабынан көркөм окуулар, монологдор айтылып,обондуу ырлар менен коштолду.
Ал эми областтык китепкананын тейлөө бөлүмүнүн китепканачысы Алмазбек кызы Амангүл жазуучунун өмүрү чыгармачылыгы жөнүндө кенен маалымат берсе,тейлөө бөлүмүнүн башчысы
Мураталиева Бурул колледж менен китепкананын ортосундагы байланыштын болуп келгендиги жана мындан ары да уланаарына ишенимин билдирип,колледждин администрациясына,кесиптештерине,студенттерине терең ыраазычылык билдирди.
Соңунда колледждин тарбия иштери боюнча орун басары Ж.Медербеков Ч.Аайтматовдун дүйнөлүк адабияттагы орду туураалуу кенен кеп кылып, уюштуруучуларга жана студенттерге ийгиликтерди каалоо менен академиялык мобилдуүлүктүн алкагындагы иш чаралады өткөрүүнү уланта берүү керектигин белгиледи. Иш чара эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.







