Фармация боюнча эл аралык олимпиада
Нарын медициналык колледжинде «Фармация: теория менен практиканын биримдиги» аттуу эл аралык дисциплиналар аралык олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Олимпиадага Кыргыз Республикасынын ар кыл аймактарынан келген 13 медициналык колледждин студенттери, ошондой эле Казакстан Республикасынын Талдыкоргон жогорку медициналык колледжинен келген өкүлдөр катышты. Бул иш-чара фармация тармагындагы келечектүү адистерди аныктоого, алардын теориялык билимдерин, практикалык көндүмдөрүн жана кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча болду.
Олимпиаданын алгачкы күнүндө катышуучулар жана алардын жетекчилери Нарын медициналык колледжинде салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Коноктор үчүн каттоо иштери жүргүзүлүп, олимпиаданын жобосу менен тааныштыруу, жеребе тартуу жана кеңири нускама берүү иш-чаралары уюштурулду. Катышуучуларга сынактын өтүү тартиби, баалоо критерийлери жана ОСКЭ форматындагы тапшырмалар боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Олимпиада объективдүү структураланган клиникалык экзамен (ОСКЭ) форматында өттү. Ар бир катышуучу атайын код менен катталып, калыстар тарабынан алардын кайсы окуу жайдан келгендиги жашыруун сакталды. Бул ыкма баалоонун калыстыгын, ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылды.
Калыстар курамына саламаттык сактоо тармагынын тажрыйбалуу адистери, иш берүүчүлөр, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын өкүлдөрү, дарыкана кызматкерлери жана билим берүү тармагынын эксперттери кирди.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр:
I орун – Бахтиёрова Мохидил Озоджоновна, Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжи (42,75 упай) — 10 000 сом.
II орун – Алтынбекова Нурпери Майрамбековна, Нарын медициналык колледжи (38 упай) — 6 000 сом.
II орун – Бекмухамедова Саёра Алишеровна, Каракол медициналык колледжи (35,8 упай) — 6 000 сом.
III орун – Касмалиева Аделина, Токмок медициналык колледжи (35,5 упай) — 4 000 сом.
III орун – Рыспек Меруерт Серікқызы, Талдыкоргон жогорку медициналык колледжи (33,05 упай) — 4 000 сом.
Жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды. Бардык катышуучуларга сертификаттар ыйгарылып, аларды даярдап келген окутуучуларга ыраазычылык каттар жана атайын белектер берилди.
Олимпиаданын алкагында алыстан келген катышуучулар жана алардын жетекчилери үчүн маданий-таанытуу иш-чарасы да уюштурулду. Алар Борбордук Азия университетине барып, окуу жайдын заманбап инфраструктурасы, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана инновациялык чөйрөсү менен таанышышты. Экскурсия конокторго өзгөчө таасир калтырды.
Бул масштабдуу иш-чараны өткөрүүдө Нарын медициналык колледжинин фармацевтикалык циклинин эмгеги өзгөчө зор болду. Алардын демилгеси, жогорку уюштуруучулук жөндөмү жана талыкпаган аракети олимпиаданын ийгиликтүү өтүшүнө негиз болду.
Ошондой эле иш-чарага колдоо көрсөткөн демөөрчүлөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиребиз:
Кыргызстандын Фармацевтикалык союзу,
Bimed Pharm,
Фармзнание.
Нарын медициналык колледжи бардык катышуучуларга, алардын жетекчилерине, калыстар курамына жана өнөктөштөрүнө терең ыраазычылык билдирет. Мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар келечектеги адистердин кесиптик өсүшүнө, тажрыйба алмашуусуна жана фармация тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошот.
