Гельминтоздордун алдын алуу боюнча эл аралык онлайн-форум
2026-жылдын 27-майында Нарын медициналык колледжинин базасында «Уюшулган жамааттар арасында гельминтоздор менен оорушат: калк арасында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө орто медициналык кызматкерлердин ролу» аттуу эл аралык онлайн-форум өткөрүлдү.
Форум Yandex Telemost платформасы аркылуу онлайн форматта уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарындагы жана жакынкы чет мамлекеттердеги медициналык колледждердин окутуучулары, студенттери жана медицина тармагынын практик адистери катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты уюшулган жамааттарда (мектептерде, бала бакчаларда, интернаттарда жана башка мекемелерде) гельминтоздордун алдын алуу, эрте аныктоо жана оорунун деңгээлин азайтуу боюнча орто медициналык кызматкерлердин кесиптик даярдыгын өркүндөтүү, ошондой эле эл аралык тажрыйба алмашуу болду.
Форумдун алкагында үч тематикалык сессия өткөрүлүп, катышуучулар гельминтоздордун жана протозойдук оорулардын алдын алуу боюнча нормативдик-укуктук жөнгө салуу маселелерин, профилактикалык иш-чараларды уюштуруу тажрыйбасын жана орто медициналык кызматкерлердин ооруларды аныктоо жана алдын алуудагы ролун талкуулашты. Ошондой эле креативдүүлүк, коммуникация, коллаборация жана сынчыл ой жүгүртүү принциптерине негизделген «4К» модели боюнча натыйжалуу профилактикалык иш-чараларды уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Форумдун жүрүшүндө студенттердин жана окутуучулардын илимий баяндамалары эксперттик комиссия тарабынан бааланып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Студенттер арасындагы сынактын жыйынтыгы боюнча:
I орун – Талас медициналык колледжи жана Түндүк Казакстан жогорку медициналык колледжи;
II орун – Нарын медициналык колледжи жана Майлуу-Суу медициналык колледжи;
III орун – Токмок медициналык колледжи жана Түндүк Казакстан жогорку медициналык колледжи.
Жеңүүчүлөр өздөрүнүн илимий жаңычылдыгы, практикалык мааниси жогору изилдөөлөрү, санариптик технологияларды колдонуу деңгээли жана калк арасында санитардык-агартуу иштерин жүргүзүүдөгү чыгармачыл мамилеси менен айырмаланышты.
Иш-чара Нарын медициналык колледжинин директору, уюштуруу комитетинин төрайымы Т.Б. Арпачиеванын жетекчилиги жана форумдун модератору А.Т. Орозованын координациялоосу менен ийгиликтүү уюштурулуп өткөрүлдү.
Форумдун жыйынтыгында бардык катышуучуларга электрондук сертификаттар тапшырылып, сунушталган мыкты илимий иштер, алгоритмдер жана калкка арналган маалыматтык материалдар Нарын медициналык колледжинин расмий сайтында жарыяланат.
Бул иш-чара келечектеги медицина адистеринин илимий потенциалын өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана калктын ден соолугун коргоо багытындагы профилактикалык иштердин сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болду.



