ГҮЛДӨЙ БЕР, ГҮЛЗАРЛУУ ОКУУ ЖАЙЫБЫЗ!
“Эшигин көрүп, төрүнө өт” дегендей сүйүктүү колледжибиздин алдында 140 даана ажайып роза гүлү (жалпы 11400 сомго алынган) биздин ардактуу Жамбоева Гүлзина Конокбаевна, Ибираимакунова Күлайым Ибираимакуновна окутуучуларыбыздын демилгеси жана колдоосу менен тигилди. Ошондой эле мындай сонун иш албетте ишине берилген биздин кызматкерлерибиз жана талыкпас студентерибиздин катышуусу менен ишке ашты.
Мындай жагымдуу саамалык үчүн жогорудагы биздин насаатчыларыбызга терең ыраазычылык билдирүү менен бирге бул роза гүлдөрү колледжибиздин көркүнө көрк кошуп, жалпы жамаатыбызга жана студенттерибизге жакшы маанай тартуулоо менен эргүүлөргө себеп болот деп ишенебиз.