Menu Close

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИНИН АЛКАГЫНДА НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН “ТЕАТР СТУДИЯСЫ” АТ-БАШЫ,  КОЧКОР РАЙОНДОРУНДА.

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИНИН АЛКАГЫНДА НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН “ТЕАТР СТУДИЯСЫ” АТ-БАШЫ,  КОЧКОР РАЙОНДОРУНДА.

 

Нарын медициналык колледжинин “Театр студиясын” жетектеген Б.А. Темирканова, студенттер жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү “Кесипке багыт берүү” иштеринин алкагында Ат- Башы,  Кочкор райондоруна сапар алып, Зуура Сооронбаеванын “Баян”аттуу спектаклин тартуулашты.

Студенттер өзүлөрүнө тиешелүү образдарды жоопкерчиликтүү, мыкты денгээлде аткарышып, спектакль эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Соңунда аталган студиянын жетекчиси Б.А. Темирканова, чакырылган коноктор, ата-энелер жана аталган чыгарманын режиссеру сөз алып сүйлөп, Нарын медициналык колледждин дарегине жылуу сөздөрүн айтып, ыраазычылык билдирип кетишти.