Көгүлтүр көлдөгү жаш толкундар
*Көгүлтүр көлдөгү жаш толкундар*
2024-жылдын 19-21-август күндөрү Нарын медициналык колледжинин Театр студиясынын 15 студенти жана 4 коштоочу (1 мугалим жана Нарын областык ички иштер башкармалыгынын 3 өкүлү) кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Дзержинец” атындагы балдар эс алуу борборунда көңүлдүү эс алып кайтышты. Бул көл кылаасындагы эсте каларлык эс алуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулду. Учурдан пайдаланып, биздин таланттуу студенттерибиздин чыгармачылыгын колдоп, эс алуу менен бирге алардын чыгармачылык жаңы шыктанууларын ача алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
Эскерте кетсек, биздин театр студиясы @nmk.steatr акыркы 2 жылдан бери Нарын облусунун мектептеринде зордук-зомбулуктун алдын алуу темасында спектакль коюп, коомчулукка жагымдуу таасирлерди калтырып жана турмуш сабактарынан көркөм дүйнө аркылуу таалим берип келет.
Ошондой эле эс алууну баштан-аяк иреттүү уюштуруп ишке ашырып берген “Дзержинец” балдар эс алуу борборунун директоруна жана жалпы жамаатына да чын жүрөктөн алкыш айтабыз.
Толкуган көлдүн толкунунда чыгармачылык толкундар менен бирге көңүл толкундарынын горизонтунда ак чардактай кайкып учкан таланттуу жаштар жаңы дем жана күргүштөгөн эргүүлөр менен кайтып келишти деп ишенебиз.
#ТеатрКөлдө #ЖаштаргаЖаңыШык #НарынМедКолледжи #ЗордукЗомбулуккаКаршы #ЖаратылышЖанаЧыгармачылык #Кыргызстан