KOICA өкүлдөрүнүн иш сапары
Нарын медициналык колледжинде KOICA ыктыярчылар программасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Колледжге таанышуу жана мониторинг жүргүзүү максатында ыктыярчылар программасынын координатору Мисс Пэк Хэсон жана программалык менеджер Мээрим Макиева келишти. Жолугушуунун жүрүшүндө алар колледждин администрациясы жана окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, ыктыярчы Ан Ынгёльдүн жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнө баа беришти.
Мындан тышкары, жолугушууда аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы, ыктыярчынын билим берүү тармагына кошуп жаткан салымы жана мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Колледждин администрациясы KOICA уюмуна колдоо көрсөтүп, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Мындай жолугушуулар тажрыйба алмашууга, өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт.






