Menu Close

МЕДИЦИНАДАГЫ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК

Бүгүн 16- март күнү Нарын медициналык колледжинин жалпы медициналык кошуундун башчысы Т.Б. Асанбекова тарабынан М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында ачык тарбиялык саат өткөрүлдү.

Ачык тарбиялык сабакта колледждин “Театр студиясы” жазуучу, драматург Зуура Сооронбаеванын​ «Баян» чыгармасын театралдаштырышты.​

Анда​ студенттер Баян апанын жашоосун чагылдырышты. Спектаклде карылар үйү, кайнене менен келиндин мамилеси, жаштардын жүрүм туруму, диний көз караш, ата-энени сыйлоо ,балага болгон тарбия маселелери көрсөтүлгөн..

Нарын медициналык колледжинин директору  Төлөгүл Арпачиева сөз алып сүйлөп, медициналык кызматкер адамдын жан дүйнөсүн уга билиши керектигин айтат. О.э. “Медицина— бул адамдын ден соолугун караган, сактаган чөйрө​ болгондуктан, медицина кызматкерлери чыгармачылыкка жакын болушу керек деп ойлойм. Чыгармачыл адам менен медицина кызматкерлеринин жан дүйнөсү бирдей деп эсептейм. Эгер бала чыгармада роль ойногондой, адамдын ички жан дүйнөсүн оюн туя билсе, сезе билсе, кийин жакшы медик болот деп ишенем. Бизде таланттуу балдар көп. Колледждин астында студенттик театр-студия ачканбыз. Театр-студиянын балдарынын арты менен 2018-жылы да Чыңгыз Айтматовдун​ «Бото көз» чыгармасынан «Башат» спектаклин койгонбуз. Быйыл да тарбиялык мааниси чоң​ чыгарманы койдук, студенттер толук 1 ай даярданышты», – деди Т.Б. Арпачиева.

Иш-чарага ата-энелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ,билим берүү тармагынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Соңунда​ роль ойногон студенттерге грамота тапшырылып​, алардын ата-энелерине ыраазычылык каттар​ ыйгарылды.​ Чыгармачыл студенттерде алдыда республикалык театр​-фестивалдарга баруу пландары бар.