(02.06.22)Нарын медициналык колледжинин “Жалпы билим берүү кошуунунун” мугалими
Бокоев Нарынбек тарабынан Кыргыздын улуу инсаны Жусуп Абдырахмановду эскерүү кечесине арналган ” Улут лидери-
Жусуп Абдырахманов” деген темада шаарыбыздын “Жаштар ордосунда” ачык-тарбиялык саат өтүлдү. Иш-чарага тажрыйба алмашуу максатында келишкен 7дубандын медициналык колледжинин жетекчилери, НМК нын окутуучулары жана студенттери катышты.
Эскерүү кечесинде Жусуп Абдырахмановдун кыргыз тарыхында ээлеген ордун, саясий ишмердигин жана басып өткөн жолун чагылдырган театрлаштырылган көрүнүш, видеороликтер, ишмердигин даңазалаган ыр саптары, мекен жөнүндөгү ырлар жаңырып, жаштарды адилеттүү, чынчыл болууга, мекенчилдикке, эмгекчилдикке үндөгөн иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ “УЛУТ ЛИДЕРИ-ЖУСУП АБДЫРАХМАНОВ” ДЕГЕН ТЕМАДА АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТ ӨТҮЛДҮ.
