Menu Close

Нарын медициналык колледжинин 2018 – 2019 окуу жылынын № 1 клиникалык кошундун иш мерчемине ылайык «Жабыркоолордо дарыгерге чейинки алгачкы жардам» темасындагы акция жүргүзүлдү. Тайпа:3 ДИ Окутуучу: Иманканова К.А.

Акциянын максаты:

      Калк арасында алгачкы жардамды      көрсөтүү  боюнча малыматты таратуу менен кырсыктан кийинки кабылдоолорду алдын алуу. Көрсөтүлүүчү алгачкы жардамдын техникасын  үйрөтүү, жабыркаган адамдын өмүрүн сактоо жана майыптыкты алдын алуу.

Акциянын актуалдуулугу:

      Нарын шаары боюнча калк арасында жол жана ар кандай кырсыктардын саны күндөн күнгө  өсүүдө. Кырсык болгон жерде өз убагында туура так жардам көрсөтүлбөгөндүктөн ар кандай кабылдоолор жана өлүмдүн саны өсүүдө.  Буга себеп болуп  калк арасында тиешелүү алгачкы жардамды көрсөтүү боюнча принциптерине, техникасына ээ болбогондугу эсептелинет. Туура, так өз учурунда көрсөтүлгөн жардам бейтапты дарылоодо жана кийинки жашоосуна чоң өбөлгө түзөт.

Статистикалык маалымат:

2016, 2017, 2018 жж кайрылган бейтаптардын саны:

  1. Сыныктар: 2016 ж – 273

                    2017 ж – 290

                    2018 ж – 339

  1. Чыгып кетүүлөр: 2016 ж – 57

                               2017 ж – 62

                               2018 ж – 68

  1. Урунуулар: 2016 ж – 52

                      2017 ж – 49

                      2018 ж – 44 

Жүргүзүлгөн иш чаралар:

Акциянын жүрүшүндө кан агуу, сыныктар, урунуу, күйүктөр, жабыркаган адамды ташуу, өпкө жүрөк реанимациясы темалары боюнча окуу үйрөтүлүп жүргүзүлдү.

  • Калк арасында баардык жаш курактар камтылганга аракет жумшалды.
  1. Мектеп окуучулары: 10 жаштан – 17 жашка чейин
  2. Студенттер: 18 – 25 жаш
  3. Кызматкерлер: 25 – 50 жаш
  • Акция төмөнкү мектептерде жана мекемелерде жүргүзүлдү:

Айдоочулар мектеби, № 5 К. Жакыпов, №7 М.Сыдыков, №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептер, Нарын мамлекеттик университет, Т. Токтосунов атындагы муз аянтчасы, Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, айдоочулар.

Иш чаранын алкагында 100 буклет чыгарылып таратылды. Жалпысынан 242 адам окутулуп үйрөтүлдү.