Аалыбаева Мундук Аманатовна Нарын медициналык колледжинин башкы бухгалтери болуп 27 жыл бою талбай эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкты.
Аалыбаева Мундук Аманатовна 1958-жылы 28-февралда Нарын районуна караштуу 8- Март айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
1965-1975-жж, орто мектепти аяктаган;
1977-1979-жж, Фрунзедеги кооперативдик техникумун бүтүп, бухгалтер деген кесипке ээ болгон.
Бухгалтер башчысын ардактуу эс алууга узатып жатып, Нарын медициналык колледжинин директору Т.Арпачиева кызматкердин жогорку кесипкойлугун, жетишкен ийгиликтерин, турмуштук бай тажрыйбасын белгилеп, көп жылдык, ак ниет кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.
Колледждин эмгек жамаатынын атынан эстелик катары белек тапшырылды.