14.03.2022-жыл, Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин алдындагы “Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин” тренери Айдаралиева А.С. тарабынан Нарын медициналык колледжинин окутуучуларына “Позитивдик ой- жүгүртүү” деген темада семинар өтүлдү.
Бул семинарда окутуучулар студенттерге жеткиликтүү билим берүүдө “үч сыйкырдуу суроолор”, “позитивдик перефраз”,”төрт терезе”, методикалык ыкмаларын колдонушуп, соңунда окутуучуларга “баардык нерсеге ыраазы болуу” аталыштагы медитация өткөрүлдү.
Семинар окутуучулардын купулуна толуп, ушундай семинарларды тез-тез өткөрүлүп туруусун суранышты.
Окутуучулар жаңы ыкмаларды өздөштүрүү менен Айдаралиева Айнура Сабыровнага ыраазычылык билдиришти.