Нарын медициналык колледжинде Нарын шаардык мэриясынын, Нарын медициналык колледжинин, Нарын медия борборунун,”Триллионер”, “Билерман ордо” клубдарынын жана Эрлан Алтыбаевдин демилгеси менен Нарын медициналык колледжинин студенттеринин арасында “Билерман ордо” интеллектуалдык оюну болуп, жогорку деңгээлде өттү. Оюнга 12 команда катышып,алар медицина, спорт, Нарын областы ,логикалык жана визуалдык багыттагы суроолор боюнча акыл күчтөрүн сынашып, жыйынтыгында 1-орунду 3-фармация тайпасынын “Альфа фарм” командасы, 2 -орунду 2-ми тайасынын “Verum” командасы, 3-орунду 2-акушер тайпсынын “Биримдик” командасы ээлешип,грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Нарын медициналык колледжинин студенттеринин арасында “Билерман ордо” интеллектуалдык оюну болуп, жогорку деңгээлде өттү.
