Нарын медициналык колледжинде “23-апрель -Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө” карата “Билим кербени” долбоорунун алкагында Нарын медициналык колледжинин студенттеринин арасында Григорий Петровдун “Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары”аттуу китеби боюнча тест түрүндө сынак болуп,катышкандардын алдыңкылары бир нече кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты .Ал эми жеңүүчүлөр : 1-оунду ээлеген 2-фармация тайпасынын студенти Талантбекова Мариям 5 миң сом, 2-орунду 3-ми”б”тайпасынын студенти Боронбаева Ажар 3 миң сом, 3-орунду 3-фармация тайпасынын студенти Калыкова Жибек, 2 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланышты.Соңунда уюштуруучулар жана жеңүүчүлөр ,өткөрүлгөн сынак боюнча каалоо-тилектерин билдиришти.
Нарын медициналык колледжинин студенттеринин арасында Григорий Петровдун “Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары”аттуу китеби боюнча тест түрүндө сынак болуп өттү
