Menu Close

НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ЖЫЙЫНДАР ЗАЛЫНДА “КӨПТҮК ТАНДООДО ТЕКСТТИК ТАПШЫРМАЛАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ” ЖАНА “КЛИНИКАЛЫК НАСААТЧЫЛАРДЫ ДАЯРДОО” АТАЛЫШТАГЫ 2 КҮНДҮК ТРЕНИНГ

(03.11.2022) Нарын медициналык колледжинин жыйындар залында “Көптүк тандоодо тексттик тапшырмаларды иштеп чыгуу” жана “Клиникалык насаатчыларды даярдоо” аталыштагы 2күндүк тренинг өтүлүп жатат.
Тренингке Нарын медициналык колледжинин администрация тобу, окутуучулар жана клиникалык насаатчылар катышты.
Тренингдин максаты-окутуучуларга студенттердин билимин баалоодо тесттик тапшырмаларды сабаттуу түзүүдө жардам көрсөтүү.

Катышуучулар бүгүнкү тренинг жемиштүү болгонун жана жаңы, пайдалуу нерселерди үйрөнүшкөнүн баса белгилешти.

Тренингдин уюштуруучуларына “MER” долбоорунун координатору А.К.Мамбетова, тренер А.К. Кожоназарова, КММИДжКЖнын “Медайымдык иш” факультетинин декандын милдетин аткаруучу А.А.Байгазиева, кафедранын ассистенттери И.В.Болоцких жана Ынтымак к Адила тренерлерибизге катышуучулардын атынан ыраазычылык билдиребиз.