Menu Close

НАРЫН ОБЛУСУНДА КООМДУК КООПСУЗДУКТУ ЖАНА УКУК БУЗУУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ НМКнын “ТЕАТР СТУДИЯСЫ” МЕНЕН БИРДИКТЕ УЮШТУРУЛДУ

НАРЫН ОБЛУСУНДА КООМДУК КООПСУЗДУКТУ ЖАНА УКУК БУЗУУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ НМКнын “ТЕАТР СТУДИЯСЫ” МЕНЕН БИРДИКТЕ УЮШТУРУЛДУ

(28.02.2023-01.03.2023) Нарын облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган ” Балдар арасында укук бузулуулардын, кылмыш, кырсыктардын алдын алууга” багытталган иш-чарага Нарын медициналык колледжинин студентеринин “Театр студиясы” Нарын шаарындагы жана районундагы орто мектептердин жогорку класстагы окуучуларына театрлаштырылган сценка коюшту.

Театрлаштырылган сценкада студенттер өзгөчө чыгармачылык даярдыктарды көрсөтүп, турмуштук маанилүү учурларды көркөм чагылдырып беришти.

Иш- чаранын соңунда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Джумагазиев Нарын медициналык колледжинин директору Т.Б Арпачивага, “Театр студиясын” жетектеген Б.А.Темиркановага жана”Театр студиясынын” студенттерине терең ыраазычылык билдирип, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ыраазычылык каты” жана Нарын ОИИБ нын “Ардак” грамотасы тапшырылды.