Menu Close

Нарын шаарындагы “М.Сыдыков “атындагы орто мектебинде, Нарын шаарындагы окуу жайлар арасында демөөрчү Ширин Бакыт кызынын, “Вундеркинд”, “А.Салымбеков окуу борборлору”жана Эрлан Алтыбаевдин демилгеси менен “Билерман ордо”интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Оюнга окуу жайлардан 12 команда катышып,алар визуалдык,логикалык,Нарын областы,диний сабаттуулук багытындагы суроолор боюнча акыл таймашышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Нарын медициналык колледжинин “Альфа фарм” командасы, 2-орунду Нарын шаарындагы медресенин “Нур” командасы,3 -орунду “С.Нааматов атындагы ” НМУнын “Мурас” командасы ээлеп грамоталар менен сыйланышты.1-орунду ээлеген НМК нын”Альфа фарм”командасы “Өтмө кубокту жеңип алды.

Жеңүүчү деп табылган 3 команда апрель айында болуучу Респубилкалык деңгээлде өтө турган “Билерман ордо”оюнуна жолдомо алышты.