Иш чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев , Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Алтынбек Сеңирбаев, мекеме-ишкана кызматкерлери, окуу жайлардын студенттери жана окуучулар катышышты.
Иш чара таланттуу окуучулар кыргыз жерин даңктаган обонду ырлары менен коштолду.
Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нарын шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдордун бири болгон мамлекеттик туу күнү (1992-ж, 3-март) жана 5-март улуттук “Ак калпак” күнүнө карата иш-чара уюштурулду.
