НМК САЯПКЕРЛИК КЫЛГАН ЖӨӨ КҮЛҮКТӨРДҮН МӨӨРӨЙҮ
Бүгүн 2024-жылдын 30-апрель күнү “Нарын шаарынын туруктуулугун жогорлатуу” программасынын алкагында Нарын шаарындагы Ала-Тоо стадионунда Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү жана Нарын шаарынын балдар- өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби тарабынан спорттун жеңил атлетикалык түрү өткөрүлдү.
Бул спорттун түрүнө Нарын шаарындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттери, алардын ичинен Нарын медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери активдүү катышышып, алдынкы орундарды багындырышты.
22-30 жаш курактагылардын арасынан Нарын медициналык колледжинин “Дене тарбия ” сабагынын окутуучусу Абылабеков Э. – 1-орунду,
18-22 жаш курактагылардын арасынан НМКнын “1-ДИ(К)” тайпасынын студенти Мусабеков Эрмек – 2-орунду ээлесе,
Ал эми кыздардын арасынан “1-ДИ(К)” тайпасынын студенти Улан кызы Алтынай – 3- орунду ээледи.
Жеңил атлетикалык чуркоодо жаш курактарына жараша 1-2-3-орунду ээлеген спортчуларга Борбордук Азия Университетинин “Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу” программасынын демилгечилери тарабынан медаль, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.