Кыргыз адабиятынын классиги,акын, драматург, котормочу Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган.Жайштайынан тоголок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат.Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып,өз алдынча ыр жазып баштайт.
Калды ,калды Кайыңды айылым ыраактаап.
Мен калтардай алыс кеттим кылактап.
Мүрү түшкөн жетим куштун канатын
Айыктырган сулууларына ыракмат.
Алыкул Осмонов 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептердин ээси болду.”Тандагы ырлар” ,”Жылдыздуу жаштык” ,”Махабат” ,”Жаңы ырлар”,” Менин жерим ырдын жери” деген жыйнактары жарык көргөн.Алыкул поезиянын түпсүз терең көлүндө чабак уруп олтуруп,стол үстүндө ыр жазган калыбында, бар болгону отуз беш жаш курагында 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайткан.
