12Май, 2022
12 -май “Эл аралык медициналык айымдардын күнүнө” карата , Нарын медициналык колледжинде майрамдык иш – чара болуп өттү. Иш- чарада студенттер колледждеги окуткан мугалимдердин дарегине каалоо-тилектерин, куттуктоолорун, алкыштарын ыр саптары, обондуу ырлар, тамашалуу оюн -зооктор менен куттукташып, гүл чамбарларды тартуулап, иш-чара мыкты деңгээлде өттү.

