2026-жылдын 27-майында Нарын медициналык колледжинин базасында «Уюшулган жамааттар арасында гельминтоздор менен оорушат: калк арасында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө орто медициналык кызматкерлердин ролу» аттуу эл аралык онлайн-форум өткөрүлдү. Форум Yandex Telemost платформасы аркылуу онлайн форматта уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарындагы жана жакынкы чет мамлекеттердеги медициналык колледждердин окутуучулары, студенттери жана медицина тармагынын практик адистери катышышты. Иш-чаранын негизги максаты уюшулган жамааттарда (мектептерде, бала бакчаларда, интернаттарда жана башка мекемелерде) гельминтоздордун...
- All
- Профориентация
- Международное сотрудничество
Нарын медициналык колледжинде «Фармация: теория менен практиканын биримдиги» аттуу эл аралык дисциплиналар аралык олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Олимпиадага Кыргыз Республикасынын ар кыл аймактарынан келген 13 медициналык колледждин студенттери, ошондой эле Казакстан Республикасынын Талдыкоргон жогорку медициналык колледжинен келген өкүлдөр катышты. Бул иш-чара фармация тармагындагы келечектүү адистерди аныктоого, алардын теориялык билимдерин, практикалык көндүмдөрүн жана кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча болду. Олимпиаданын алгачкы күнүндө катышуучулар жана...
2025-жылдын 10-апрели Талдыкоргон жогорку медициналык колледжинде фармация багытындагы студенттер үчүн фармакогнозия жана ботаника сабагы боюнча эл аралык олимпиада болуп өттү. Иш-чарада студенттер теориялык тесттен жана 4 практикалык тапшырмадан турушкан сынактардан өтүштү. Жалпысы болуп 10 колледж катышты. Бул престиждүү иш-чарада Нарын медициналык колледжинин намысын 2-фармация тайпасынын студенти Алтынбекова Нурпери Майрамбековна татыктуу коргоп, жетекчиси Касканова Анара Алымбековна менен бирге активдүү катышты. Жыйынтыгында, биздин колледж кадыр-барктуу 3-орунга ээ болду! Мындан тышкары:...
