Медициналык кароо
Нарын медициналык колледжинде медициналык кароо өттү
Бүгүн биздин колледжде студенттер үчүн пландык медициналык кароо жүргүзүлдү. Иш-чаранын максаты — жаштардын ден соолугун көзөмөлдөө, мүмкүн болгон оорулардын алдын алуу жана ар бир студенттин жалпы абалын текшерүү.
Медкароонун алкагында студенттер төмөнкү текшерүүлөрдөн өтүштү:
✔️ жалпы дарыгердин кароосу
✔️ кан басымын жана антропометриялык көрсөткүчтөрдү өлчөө
✔️ зарыл анализдер боюнча кеңеш берүү
✔️ ден соолук боюнча сунуштар
Бул иш-чара студенттердин ден соолугун чыңдоого жана сапаттуу билим алуусуна шарт түзүүгө багытталган.
#НарынМедКолледж #Медкароо #ДенСоолук #СтуденттикӨмүр #СаламаттыкСактоо
https://youtube.com/shorts/igdtZoHqWCY?si=0WG_GqjskuweB3Nb

















