КОЛЛЕДЖДИН ОКУУ БӨЛМӨЛӨРҮНҮН САНИТАРДЫК-ГИГИЕНАЛЫК ТАЛАПТАРГА ЖООП БЕРҮҮСҮ” АТАЛЫШТАГЫ АКЦИЯ
НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ОКУУ БӨЛМӨЛӨРҮНҮН САНИТАРДЫК-ГИГИЕНАЛЫК ТАЛАПТАРГА ЖООП БЕРҮҮСҮ” АТАЛЫШТАГЫ АКЦИЯ
2024-жылдын 30-майында Нарын медициналык колледжинде “Нарын медициналык колледжинин окуу бөлмөлөрүнүн санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берүүсү” аталыштагы акция өткөрүлдү.
Акцияны өткөрүүнүн максаты адам баласынын эмгек кылууда, окууда эс алууда сырткы жана ички чөйрөнүн ден соолукка тийгизген физикалык, химиялык жана биологиялык терс таасирлеринин алдын алууда иш чараларды жүргүзүү менен адамдын ден соолугун сактоо жана ишке жөндөмдүүлүгүн арттыруу
Иш-чарага 3 лабораториялык диагностика тайпасынын студенттери катышты. Алардын жардамы менен окуу бөлмөлөрүнүн санитардык-гигиеналык абалын жакшыртууга багытталган бир катар иштер аткарылды.
Акциянын жүрүшүндө Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борбору менен 06.02.2024-жылы түзүлгөн №7 келишимдин негизинде НМК имаратындагы окуу бөлмөлөрүнүн физикалык факторлоруна инструменталдык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн инструменталдык изилдөөлөрдүн жана баалоолордун жыйынтыктары анализденди. Бул анализдердин негизинде окуу бөлмөлөрүндөгү санитардык-гигиеналык абалды жакшыртуу боюнча сунуштар жана сунуштамалар иштелип чыкты.
Акция өз максатына жетти деп эсептелет, анткени анын алкагында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Нарын медициналык колледжинин окуу бөлмөлөрүнүн санитардык-гигиеналык абалы жакшырды. Студенттер санитардык-гигиеналык нормаларды жана эрежелерди сактоонун маанилүүлүгүн жакшыраак түшүнүп, ден соолукту сактоо боюнча зарыл чараларды көрүүдө билимин жана тажрыйбасын арттырышты. Ошондой эле бул иш-чара келечекте дагы окутуучулар жана студенттер тарабынан санитардык-гигиеналык талаптарга көбүрөөк көңүл бурууга түрткү болду.
Бул акция Нарын медициналык колледжинин окуу бөлмөлөрүнүн санитардык-гигиеналык абалын жакшыртууда маанилүү роль ойноп, келечектеги окутуу процессине жана студенттердин ден соолугуна оң таасирин тийгизет.




