НМК — 80 ЖЫЛ
МААРАКЕНИН АЛГАЧКЫ КҮНҮ
Нарын медициналык колледжинин 80 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алгачкы күнү өзгөчө маанайда башталды! 💐
Бул күндө биз Кыргыз Республикасынын медициналык колледждеринин жетекчилерин жана өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүн, ошондой эле коңшу мамлекеттерден келген ардактуу конокторду тосуп алдык.
Мааракеге Казакстандын Талдыкорган жогорку медициналык колледжинин жана Өзбекстандын Наманган облусундагы Абу Али ибн Сина атындагы медициналык техникумдун өкүлдөрү да катышты.
Мындан тышкары, колледжибиздин өнүгүшүнө өз салымын кошкон ардагерлери-биз, ардактуу бүтүрүүчүлөрүбүз жана социалдык өнөктөштөрүбүз да мааракебиздин кадырлуу конокторунан болушту. ❤️
Коноктор үчүн колледждин материалдык-техникалык базасы менен тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Алар окуу кабинеттерин, практикалык даярдык үчүн түзүлгөн шарттарды жана билим берүү процессинде колдонулуп жаткан жабдууларды көрүп, колледжибиздин бүгүнкү ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Албетте, кыргыз элинин меймандостук салтын улап, конокторубузга даам сунулуп, жылуу баарлашуу болду. ☕️
Бул — 80 жылдык тарыхыбызды эскерүү, эмгеги сиңген инсандарга урмат көрсөтүү жана медициналык билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө жолундагы маанилүү башталыш.
✨ Ал эми мааракебиздин алгачкы күнүндөгү жолугушуулардын жана иш-чаралардын уландысы тууралуу кийинки жарыялоолорубуздан кабардар болуңуздар!
#НМК80Жыл #НарынМедициналыкКолледжи #80ЖылдыкМаараке #МедициналыкБилимБерүү #ЭлАралыкКызматташтык #НМК
