КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛДИ (13-14.04.2022) Кесипке багыт алуу максатында Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинин 8-9 класстын окуучулары жана Ак-Талаа районундагы Байымбет Абдырахманов атындагы орто мектептин 10-11кластын окуучулары Нарын медициналык колледжине экскурсия кылып таанышып кетишти. Мектеп окуучуларына кесиптер боюнча кеңири маалыматтар берилди. Мындан тышкары колледждин шарттары, окуу залдары жана материалдык техникалык базасы менен тааныштырылды. Окуучулар кызыккан суроолорун беришип, кеп-кенештерин алышты. Жолугушуу жакшы маанайда өттү. ...
- All
- Профориентация
- Международное сотрудничество

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИНИН АЛКАГЫНДА НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН “ТЕАТР СТУДИЯСЫ” АТ-БАШЫ, КОЧКОР РАЙОНДОРУНДА. Нарын медициналык колледжинин “Театр студиясын” жетектеген Б.А. Темирканова, студенттер жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү “Кесипке багыт берүү” иштеринин алкагында Ат- Башы, Кочкор райондоруна сапар алып, Зуура Сооронбаеванын “Баян”аттуу спектаклин тартуулашты. Студенттер өзүлөрүнө тиешелүү образдарды жоопкерчиликтүү, мыкты денгээлде аткарышып, спектакль эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Соңунда аталган студиянын жетекчиси Б.А. Темирканова, чакырылган коноктор, ата-энелер жана аталган...
“ТЕАТР СТУДИЯСЫ” АК-ТАЛАА РАЙОНУНДА”. (31.03.2022) Нарын медициналык колледжинин “Театр студиясын” жетектеген Б.А. Темирканова, студенттер жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү “Кесипке багыт берүү” иштеринин алкагында Ак-Талаа районуна сапар алып, Зуура Сооронбаеванын “Баян”аттуу спектаклин тартуулашты. Спектакль жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Соңунда аталган студиянын жетекчиси Б.А. Темирканова, чакырылган коноктор, ата-энелер жана аталган чыгарманын режиссеру сөз алып сүйлөп, ата-энелерге ыраазычылык кат тапшырышты.
