• All
  • Профориентация
  • Международное сотрудничество
Окинава шаарындагы “Relationship” компаниясынын директору Арагаки Юдзи мырза Нарын медициналык колледжинин студенттерине жолугушууга келди.

14.04.2022

(14.04.2022) Окинава шаарындагы “Relationship” компаниясынын директору Арагаки Юдзи мырза Нарын медициналык колледжинин студенттерине жолугушууга келди. Жолугушууда бүтүрүүчү курстардын студенттерин Япония өлкөсүндөгү Окинава шаарында жумуш менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.      

НМКнын окутуучулары  кесипке багыт берүү иштерин активдүү жүргүзүп келишүүдө.

14.04.2022

(13.04.2022) Нарын медициналык колледжинин окутуучулары 2022-жылдын март айынан баштап Нарын областынын аймактарында кесипке багыт берүү иштерин активдүү жүргүзүп келишүүдө. Аталган жамаат Нарын районуна караштуу айылдардагы орто билим берүү мектептерине барып кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп келишти. Кесипке багыт берүүнүн  максаты: окуучуларга  туура кесип тандоого көмөктөшүү. Мектеп окуучуларына брошюралар таратылып, колледждин жетишкендиктери жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.       .

КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛДИ

14.04.2022

КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛДИ   (13-14.04.2022) Кесипке багыт алуу максатында Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинин 8-9 класстын окуучулары жана Ак-Талаа районундагы Байымбет Абдырахманов атындагы орто мектептин 10-11кластын окуучулары Нарын медициналык колледжине экскурсия кылып таанышып кетишти. Мектеп окуучуларына кесиптер боюнча кеңири маалыматтар берилди. Мындан тышкары колледждин шарттары, окуу залдары жана материалдык техникалык базасы менен тааныштырылды. Окуучулар кызыккан суроолорун беришип, кеп-кенештерин алышты. Жолугушуу жакшы маанайда өттү.    ...

ru_RURussian