ЧЕК АРАСЫЗ ДЕБАТ
“Чек арасыз дебат: Медициналык билимдин диалогу”
Бүгүн Нарын медициналык колледжи менен Казакстандын Талдыкорган жогорку медициналык колледжинин студенттери ортосунда эл аралык онлайн-дебат өттү. Дебатка төрт команда катышты: эки команда Талдыкорган жогорку медициналык колледжинен жана эки команда Нарын медициналык колледжинен.
Дебаттын жалпы темасы – «Ден соолук – улуттун негизги баалуулугу».
Турлардын темалары:
1️⃣ «Сергек жашоо»
2️⃣ «Иммунизация: сасык тумоонун алдын алуу»
3️⃣ «Өз алдынча дарылануу»
Дебат өтө кызыктуу жана мазмундуу болду. Өкмөт жана оппозиция тараптары өз позицияларын мыкты коргоп, калыстардын жана көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурган далилдүү аргументтерди келтиришти. Дебатка катышкан окутуучулар да, студенттер да жаңы жана пайдалуу маалыматтарды өздөштүрүштү.
Жыйынтыгы боюнча:
1-орунду Нарын медициналык колледжинин «Медидея» командасы ээледи.
2-орунду Талдыкорган жогорку медициналык колледжинин «Лидер» командасы алды.
Калыстар тобу эки колледждин окутуучуларынан куралган:
Казакстандан – Олжас Серикович,
Кыргызстандан – Аскар Алмазбекович.
Бул дебат – Нарын жана Талдыкорган жогорку медициналык колледждеринин ортосундагы кызматташтыктын бекемделишинин жана эл аралык достуктун мыкты үлгүсү болду.
Эл аралык билим берүү платформалары келечектеги чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат!