ВИРТУАЛДЫК-АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ
Республикалык деңгээлде колледждер арасында “Виртуалдык- академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү” максатында НМКнын усулчулары тарабынан конок лецияларды өтүүнүн регламенти түзүлүп, колледждер арасында Zoom конференциясы уюштурулду.
НМКнын окутуучулары 19.02-26.02.24-ж убакыт ичинде Республикадагы медициналык колледждерге онлайн форматта “Фармакология”, “Фармацияны уюштуруу жана экономикасы”, “Микробиология вирусология жана эпидемиологиянын негиздери менен”, “Хирургия”,” Акушерство” предметтери боюнча лекцияларды өтүштү.
Онлайн лекциялар НМКнын окутуучулары: А.А. Алмазбеков, А.А.Касканова, Г.Т.Турарбекова, К.А. Иманканова, Ж.Д. Абдыразакова тарабынан өтүлдү.
Баардык сабактар Zoom аркылуу эң мыкты деңгээлде өтүлүдү.
Ар бир сабакты өтүүдө кайтарым байланыштар болуп, студенттер тарабынан суроолор берилип окутуучулар тарабынан жооп кайтарылып турду. Сабактар өтө кызыктуу болуп, инновациялык технологияларды колдонуу менен Canva да презентациялар даярдалып орус жана кыргыз тилдеринде өтүлдү.
Сабактын аягында Республикадагы медициналык колледждер тарабынан ар бир окутуучуга жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыктар билдирилип, иштерине ийгилик каалап, сабак жогорку деңгээлде болуп жаткандыгын баса белгилеп айтышты.
⁹
НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ “БИРИНЧИ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮНҮН ” ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨТҮШТҮ .
НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ “БИРИНЧИ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮНҮН ” ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨТҮШТҮ .
Нарын шаарынын мэри К.Тутуевдин буйругунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын жана мекеме ишканаларынын кызматкерлерине берилген графиктин негизинде Нарын медициналык колледжинин окутуучулары (тренерлер) тарабынан “Биринчи жардам көсөтүүнүн” ыкмаларын окутуу жүргүзүлдү.
Окутууда бир нече темалар боюнча маалымат берилди:
– ӨЖР (өпкө – жүрөк реанимациясы);
– кан агуулардын түрлөрү жана жардам көрсөтүү;
– калыбына келтирүүчү абалга жаткыруу;
– сыныктардын түрлөрү жана жардам көрсөтүү;
– дем алуу жолдору бүтөлүп калганда жардам көрсөтүү (метод Хаймлиха);
– күйүктө жана үшүк алуудагы жардам;
-инсульт алган, эмилепсия кармаган адамдарга жардам көрсөтүү.
Ошондой эле өздөрү кызыккан суроолорго жооптор берилип жатты. Окутуунун соңунда тренерлер тарабынан онлайн сурамжылоо жүргүзүлүп, катышуучулар тарабынан Нарын медициналык колледжинин жетекчисине жана тренерлерге алкыштар, калоо тилектер айтылды.
Биринчи жардам – бул кырсык болгон жерде, тез жардам (медициналык кызматкер) келгенге чейин, жабыр тарткан адамдын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында, колдо бар каражаттарды пайдаланып, өзүнө-өзү же жанындагы адамдар тарабынан тездик менен көрсөтүлгөн эң жөнөкөй иш-чара .
Өз учурунда, сабаттуу жана туура көрсөтүлгөн алгачкы жардам адамдын өмүрүн сактап калууга, жаракаттын же оорунун оор кабылдоолорунун алдын алууга, анын андан аркы дарылануусуна, жабыр тарткан адамдын ишке жөндөмдүүлүгүнүн эрте калыптануусуна эбегейсиз чоң шарт түзөт.
Ошондуктан окуучулардан тартып чоң кишилерге чейин өзүнө жана өз-ара жардам берүү ыкмаларын үйрөнүү чоң мааниге ээ.

































СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТӨР
СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТТАШУУ
06.12.2022-ж. Нарын медициналык колледжинде социалдык өнөктөштөрүбүз менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун расмий бөлүгүн Нарын медициналык колледжинин директору Т.Б.Арпачиева жана окуу иштери боюнча директордун орун басары Г.К. Ходжанова конокторду тосуп алып, колледждин материалдык -техникалык базасы менен тааныштырып чыгышты.
Бул жолугушууда келген коноктор менен баарлашуу, пикир алмашуу, бири бирибизге керектүү жардам көрсөтүү, биргелешип иш алып барууну сунушташты.
Социалдык өнөктөштөр тарабынан колледждин дарегине жылуу сөздөрүн айтышты.
Нарын медициналык колледжине келип, убакыттарын бөлүп, катышып берген социалдык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиребиз!






































Борбордук Азия университетинде жайгашкан “Санитардык-гигиеналык лабораториясына тажрыйба алмашуу максатында барып келишти.
Социалдык өнөктөшүү максатында Нарын медициналык колледжи жана Борбордук Азия университетинин ортосунда байма-бай кызматташтык жүрүп турат.
(02.12.2022)Колледждин окутуучулары жана
3-лабораториялык диагностика тайпасынын студенттери Борбордук Азия университетинде жайгашкан “Санитардык-гигиеналык лабораториясына тажрыйба алмашуу максатында барып келишти.
Лабораториянын жабдылышына студенттер терең кызыгууларын арттырып келишти.








за
АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА БАШКА ОКУУ ЖАЙЛАРГА ОКУП КЕЛҮҮ
Республикадагы медициналык колледждер арасында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында студенттер менен алмашып окутуу боюнча Нарын медициналык колледжинин 1-МИ(б) тайпасынан Кайырбек к Ж, 3-МИ (к) тайпасынын студентти Нурланова А.Н. Токмок медициналык колледжине жана 2-Фарм тайпасынын студенти Көкөбаева А. Каракол медициналык колледжинде билим алып жатышат.






