Камкордук жана боорукердик иши — гериатрия сабагынын алкагында
Нарын медициналык колледжинин «Гериатрия» предмети боюнча окутуучу Элизат Кыдырбековна Асанкулованын жетекчилиги алдында 4-курс студенттери (бюджет жана контракт тайпалары) тарабынан «Улгайган адамдарга көңүл буруу жана кам көрүү» аттуу иш-чара уюштурулду.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 28-августындагы №04-10/7929 катынын жана №237-буюругунун негизинде өткөрүлдү. Максаты — улгайган жарандардын ден соолугун текшерүү, медициналык кеңеш берүү, ошондой эле студенттердин гериатрия багытындагы практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.
Студенттер Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын №1 жана №5 ЦСМи берген даректер боюнча 30 улгайган бейтаптын үйүнө барып, кан басымын, пульсун, кандагы кант деңгээлин жана жалпы абалын текшеришти. Ар бир бейтапка көңүл бурулуп, жылуу сөздөр жана пайдалуу кеңештер айтылды.
Иш-чарага демөөрчүлүк көрсөткөн жарандарга жана мекемелерге ыраазычылык билдиребиз:
- Байкубатова Асель Болотбековна («Бай-Эл» дүкөнү), Данияр жана Мээрим («Нарынбек» дүкөнү) — нават жана печенье;
- Рамазан (үй-тиричилик товарлары дүкөнү), Нурманбетов Жаныбай Бактыбекович — самын жана пакеттер;
- Шапакова Жайна Рахатбековна, Нарын медициналык колледжинин окутуучусу — чай менен демөөрчүлүк көрсөтүштү.
Бул иш-чара жылуу маанайда өтүп, улгайган жарандар студенттерге ыраазычылыктарын билдиришти.
Мээрим, камкордук жана боорукердик — медицина кесибинин жүрөгү экенин студенттер дагы бир жолу далилдешти.
Дата: 15-октябрь 2025-жыл
⚕️ Жооптуу: окутуучу Элизат Кыдырбековна Асанкулова
Катышкан тайпалар: 4ДИ “Б” жана 4ДИ “К”









































