“ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ”
“ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ”
(28.11.2022) Өлкөдө зордук-зомбулук көйгөйү эң оор маселе. Бул көйгөйдү алдын алуу максатында Нарын медициналык колледжинде кыздар кеңешинин тарайымы
Темирканова Бактыгул Асанбековна тарабынан “Зордук-зомбулукту алдын алуу” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага биздин социалдык өнөктөштөрүбүз шаардык кеңешинин депутаты, Нарын облустук аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары А.М.Акматова, “Бакубат” коомдук уюмунун жетекчиси Т.Орунбаева, колледждин участкалык инспектору
М.Ү. Саалаева жана о.э колледждин окуу бөлүмүнүн башчысы Ү. Д. Шырдакова жана студент кыздары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө зордук-зомбулуктун түрлөрүнүн өсүп жатканы, алардын сексуалдык ыдыкка учуроочу, өз жанын кыюусу, кордоого кабылуусу сыяктуу көрүнүштөрдүн себептери менен кесепеттери жана аларды жоюу жолдору талкууланып, бул көйгөйдү алдын алуу темасында видео- роликтер көрсөтүлдү.
Бул иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, студенттер өздөрүнө жакшы тарбиялык максаттарды алышты.




4-Дарылоо иши тайпасы квалификация алуу алдындагы окуу өндүрүштүк практикага чыгышты.
(16.11.2022)
Нарын медициналык колледжинде кезектеги жыйынтыктоочу аттестация алдындагы педагогикалык кеңешме өтүп, “4-Дарылоо иши” тайпасы квалификация алуу алдындагы окуу өндүрүштүк практикага чыгышты.



ДИРЕКТОР АЛДЫНДАГЫ ЖЫЙЫН
(03.10.2022-ж)Нарын медициналык колледжинин директору Арпачиева Төлөгүл Батыркановна административдик тобунун катышуусунда кезектеги жумалык жыйын өттү.
Жыйында: стратегиялык жана учурдагы пландар,жаш окутуучулардын сабагына катышуу,класстык журналдарды толтуруу, студенттердин сабакка катышуусуна көзөмөл жүргүзүүнү улантуу, академиялык мобилдүүлук боюнча маселелер талкууланды.



АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ.
Нарын медициналык колледжинде 1-курстун студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду.
Чогулушка колледждин директору Т.Б.Арпачиева, административдик тобу, Психолог Артыкбаева А.Э, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн БИИнын инспектору Саалаева М.Ү. жана ата-энелер катышты.
Чогулушта колледж тууралуу жалпы маалымат, адистиктер, билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү, колледждин жүргүзүп жаткан ишмердиги, сурамжылоо жүргүзүү маселелери, студенттердин тазалыгы, тартиби жөнүндө айтылды.
Соңунда ата -энелер НМКнын жамаатына, окуучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Бул иш-чаранын негизги максаты студенттердин билим алуусу үчүн шарт түзүп берип жаткан ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу, алардын сунуш-пикирлерин угуу, студент балдарынын татыктуу адис болуп чыгуусуна өбөлгө түзүү болуп саналат.











Нарын медициналык колледжинде кыздар кеңешинин төрагасы Б.А. Темирканова тарабынан кыздар кенешмеси өткөрүлдү.
(23.09.2022) Нарын медициналык колледжинде кыздар кеңешинин төрагасы Б.А. Темирканова тарабынан кыздар кенешмеси өткөрүлдү.
Кеңешмеге бөлүм башчы Ү.Шырдакова, Психолог А. Артыкбаева, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн БИИнын инспектору Саалаева М.Ү. жана колледждин 1-2-3-курстун студент кыздары катышты.
Кеңешмеде 2022-2023-окуу жылынын “Кыздар кеңешинин” иш мерчеми менен тааныштыруу, мүчөлөрүн шайлоо.
-Колледждин ички тартиби менен тааныштыруу,
– “Кыз баланы тарбиялоо” деген темада кыздардын жүрүм -туруму, тартиби, окуусу жөнүндө жана гигиеналык эрежелерди сактоо, ден соолукка байланыштуу маалыматтар, түшүндүрүү иштери айтылды.
Соңунда кыздар тараптан берилген суроолоруна жеткиликтүү жооп алынды.







