Улуттун улуу жолу
7-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Нарын медициналык колледжинде 2-курстар арасында “Улуттун улуу жолу” аттуу тарыхый конкурс өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгу жолу” жана “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” жөнүндөгү жарлыктарынын алкагында, ошондой эле НМКнын 80 жылдык мааракесине байланыштырылып уюштурулду.
Бул конкурс — тарыхыбызды терең билүүгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана мекенге болгон сүйүүнү күчөтүүгө багытталган.
Конкурстун максаты:
• студенттердин тарыхый аң-сезимин өстүрүү;
• улуттук баалуулуктарды даңазалоо;
• мекенчилдик сезимин күчөтүү;
• ата-бабалардын мамлекеттүүлүк үчүн жасаган эрдиктерине болгон урмат-сыйды арттыруу;
• жаш муунду патриоттуулукка, биримдикке жана ыйманга тарбиялоо.
Студенттер төмөнкү багыттар боюнча өз билимин сынашты:
• Кыргызстан тарыхы жана Нарын медициналык колледжинин тарыхы
• Кара Кыргыз автономиялуу облусунун тарыхы
• Адабият өкүлдөрү
• Чыгаан инсандар
• Манас эпосу
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар тарыхый билимин, таланты менен жигердүүлүгүн көрсөтө алышты.
#НМК
#НарынМедКолледжи
#АтаБабалардыЭскерүүКүнү
#УлуттунУлууЖолу
#ТарыхыйКонкурс
#нмк80жылдыкмаараке
#УлуттукБаалуулуктар
#ПатриоттукТарбия
#КыргызТарыхы
#МанасЭпосы
#ЖаштарИшмердүүлүгү
#БилимЖанаТарбия












