Дүйнөлүк студенттер күнү
Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата Нарын медициналык колледжинде өзгөчө майрамдык иш-чара өттү!
Быйылкы майрамды биз Оскар стилинде уюштурдук. Ар бир студент белгилүү кино же мультфильм каарманынын образында келип, колледж чыныгы киностудияга айланды!
️ Иш-чаранын жүрүшүндө кызыктуу викториналар өткөрүлүп, катышуучулар фильмди үнүнөн, музыкасынын же фрагментинен таанып табышты. Жеңүүчүлөргө атайын белектер тапшырылды.
Ошондой эле “Эң мыкты каарман”, “Эң мыкты прическа”, “Эң мыкты костюм” жана башка бир катар кызыктуу номинациялар боюнча да жеңүүчүлөр аныкталды.
Майрамдын башталышы өзгөчө маанилүү болду — 3-курс студенттери салттуу символикалык ачкыч менен символикалык сынак китепчени 1-курс студенттерине тапшырды. Бул — муундан муунга билим, дем жана студенттик рухтун өтүшүн билдирген салт.
Иш-чараны жогорку деңгээлде даярдап, алып барган 3МИ (контракт) Б жана 3МИ (бюджет) тайпаларына чоң ыраазычылык! Алардын чыгармачылыгы менен аракетинин аркасында бүгүнкү күн өзгөчө атмосферада өттү.
Бүгүнкү күн — студенттик жылдардын кайталангыс, жаркын эскерүүлөрүнүн дагы бири болуп калды!
Студенттер күнүңүздөр менен!
#СтуденттерКүнү
#НМК
#НарынМедКолледжи
#ОскарСтили
#СтуденттикӨмүр
#КреативдүүСтуденттер
#БүгүнкүИшЧара
#Жаштар
#CollegeLifeKG
#Нарын
#БилимЖолу

https://youtube.com/shorts/zTxfC16WhgI?si=sl_WXGKmyKj_QGkc




















