Биз студенттерибиз менен сыймыктанабыз!
Нарын медициналык колледжинин «Дарылоо иши» багыты боюнча 3-курс студенти Солтонкул кызы Бегимай коомдук иштерге активдүү катышып, өз салымын кошуп келет. Ал өзүнүн туулган айылындагы жаңы мектеп жана спорт залынын курулушуна багытталган долбоорду жазууга активдүү катышып, чоң ийгиликке жетишти!
Анын эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ыраазычылык каты жана депутаттардын ыраазычылыгы менен сыйланды.
Биз Бегимайдын аракетине абдан кубанып, анын алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалайбыз! Студенттерибиздин ушундай демилгечил, максаттуу жана коомго пайдалуу иштерге катышуусу биз үчүн чоң сыймык!
ВРЕМЯ И АЛЫКУЛ
12 декабря — День национальной литературы. Этот день посвящен дню рождения великого писателя Чингиза Айтматова и памяти выдающихся деятелей кыргызской литературы. В связи с этим в Нарынском медицинском колледже был проведен вечер поэзии под названием «Время и Алыкул».
Мероприятие было организовано в рамках указа Президента Кыргызской Республики «О духовно-нравственном развитии личности и физическом воспитании», с целью продвижения национальных ценностей и содействия духовно-культурному росту молодежи.
Это мероприятие было инициировано библиотекарями Нарынского медицинского колледжа Артыкбаевой Жылдыз и Камазбековой Жыпарой в тесном сотрудничестве с Нарынской областной библиотекой имени С. Орозбакова. Кроме того, представители библиотеки имени С. Орозбакова, Тагаева Бейшегуль и Абдыбек кызы Жазгуль, приняли участие в мероприятии и организовали книжную выставку, посвящённую произведениям Алыкула Осмонова.
На вечере была почтена память о жизни и творчестве звезды кыргызской поэзии Алыкула Осмонова, с акцентом на особенности его творчества. Также в качестве гостя мероприятия был приглашён студент Нарынского государственного университета, молодой поэт Кутман Каныбек уулу, который прочитал свои произведения и выступил с поздравительной речью.
Этот поэтический вечер, прославляя творчество великих личностей, внес значительный вклад в повышение интереса молодёжи к литературе и популяризацию национальных культурных ценностей.
СПИД: Сабаттыктан саламаттыкка
СПИД:
Билим – сенин коопсуздугуң,
Дарылануу – сенин ден соолугуң!
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитти жана АИВ көзөмөлдөө борбору тарабынан уюштурулган бүгүнкү иш-чарада биздин Нарын Медициналык Колледжи мыкты даярдыгы жана чыгармачылыгы менен өзүн көрсөтүп, биринчи орунга татыктуу болду!
Иш-чарада Нарын облусундагы төмөнкү окуу жайлар жана мекемелер күч сынашты:
• Нарын педагогикалык колледжи
• №87 кесиптик лицей
• Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору
• Нарын облустук бириктирилген ооруканасы
• Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору
• Нарын кан куюу борбору
Биздин санбюллетень заманбап санарип форматында сунушталып, анын мазмуну, дизайны жана жеткиликтүүлүгү өзгөчө жогору бааланды. Бул санариптик ыкма аркылуу ВИЧ/СПИД боюнча маанилүү маалыматтарды студенттерге жана конокторго кызыктуу жана түшүнүктүү форматта жеткирдик.
Иш-чаранын жүрүшүндө флешмоб да зор кызыгууну жаратты. Биздин студенттер чыгармачылык демилге жана активдүүлүк көрсөтүп, ВИЧ/СПИДдин алдын алууга арналган маанилүү билдирүүлөрдү флешмоб аркылуу жеткиришти. Ар бир кыймыл ден соолукту сактоо жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталды.
Калыстар тобунун курамы:
• Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары
• Нарын шаарынын мэриясынын өкүлү
• Саламаттыкты сактоо тармагынын профсоюз комитетинин өкүлү
• Саламаттыкты сактоо координатору
Жеңишке жетүү – бул чоң эмгектин жана биримдиктин натыйжасы! Биздин студенттердин жана окутуучуларыбыздын креативдүүлүгү жана талыкпас эмгеги ийгиликке алып келди. Бул ийгилик – жаңы долбоорлордун жана демилгелердин башталышы гана.
Эгерде биздин флешмобдун толук версиясын жана санбюллетенди көргүңүз келсе, комментарийге “+” белгисин калтырыңыз!
#НарынМедициналыкКолледжи
#СанарипИнновациялар
#СПИДгеКаршыКүрөш
#Жеңиш
#БизБирге
Ак халатчандар жөө жүрүштө
5-октябрь күнү Нарын медициналык колледжинин 40 студенти ак халаттарын кийип, Нарын шаарында өткөн жөө жүрүшкө катышты. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында уюштурулган. Жөө жүрүштүн максаты – коомчулуктун кырсыктарга каршы турумдарын күчөтүү жана алдын алуу чараларын кеңири жайылтуу болду. Биздин студенттер бул маанилүү иш-чарага активдүү катышып, жарандык жоопкерчилигин көрсөттү.
КОШ ЖЫЛДЫЗ” КАРОО- СЫНАГЫ/ НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
🌟🌟”КОШ ЖЫЛДЫЗ” КАРОО- СЫНАГЫ/ НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
⭐️(21.12.2023) Бүгүн Нарын шаарындагы М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драм театрында Нарын медициналык колледжинин эмгек жамааты арасында
“80-90-жылдарга сапар” аттуу “Кош Жылдыз ” кароо-сынагы өткөрүлдү.
⭐️Кароо-сынак кызматкерлерге моралдык дем берүү, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу жана структуралар аралык ынтымакты, достукту бекемдөө максатында өткөрүлдү.
⭐️Кароо-сынакка аталган колледждин эмгек жамаатынан 5 жуп чыгып, жалпы 10 кызматкер даярдык көрүшкөн.
⭐️Сынактын жобосуна ылайык катышуучулар саламдашуу ырларын көркөм окушуп, өзүлөрүн тааныштырып өтүштү. О.э. 80-90-жылдардагы ырларды созолонто ырдап, бийлеп өз өнөрлөрүн, таланттарын көрсөтүп, келген конокторду таң калтырышты.
💃Ар бир номерди биздин колледждин сулуу бийкеч кыздарыбыз бийлеп коштоп турду.
✨️Сынакты маданият кызматкерлеринен жана хореографтардан куралган калыстар тобу баалашты.
✨️Калыстар тобунун чечими менен
🥇1- орунду 32 упай топтогон “Алтын-Нур” аталыштагы жуптар: чарба иштери боюнча директордун орун басары Мамытов Алтынбек Жээнбекович жана “Лабораториялык иштердин техникасы” сабагынын окутуучусу Тилекова Нурайым Тилековна камсыз кылды.
🥈2-орунга 31 упай топтоп, “Жалын” аталыштагы жуптар: дене тарбия сабагынын окутуучусу Э.Э. Абылабеков жана колледждеги жаңы окутуучулардын катарын толуктап, массаж курсунун тренери Шайымалиева Гулзыйнат Замирбековна
🥉Ал эми 30,2 упай топтоп, “Делбирим” аталыштагы жуптар:техникалык коопсуздук
инструктору Данияров Айбек Турганалиевич жана Фарм-химия сабагынын окутуучусу Касканова Анара Алымбековна 3-орунду камсыздашты.
👏Сынактын жыйынтыгында баардык катышуучуларга колледждин профсоюзу тарабынан диплом, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.
👏Чынында НМКда чыгармачыл таланттар көп экендигин сынак дагы бир ирет тастыктады.
👏Кароо сынакты уюштуруучуларына жана колдоп берген НМКнын директору Арпачиева Төлөгүл Батыркановнага терең ыраазычылык билдиребиз.
👏Нарын медициналык колледжинин “Кош Жылдыз” кароо-сынагынын катышуучуларын колдоп келген үй-бүлөлөрүнө, ата- энелерге, студенттерге жана баардык күйөрмандарга ыраазычылык билдиребиз.
👍Сынак жогорку деңгээлде өтүп, элдин купулуна толду.
#НМК#КОШ ЖЫЛДЫЗ#СЫНАК#2023








