Эмгек укуктары
Маалыматтык кампания Нарын медициналык колледжинде!
Бүгүн Нарын медициналык колледжинде “Эмгек укуктары” боюнча маалыматтык кампания өткөрүлдү.
Иш-чараны Кыргызстандагы кесиптик бирликтердин Федерациясы DVV International уюму менен биргеликте уюштурду. Кампанияны ККБФнын Нарын облусундагы өкүлү Алымкулов Эмилбек Абдыраимович алып барды.
Студенттер эмгек укуктары, коопсуз эмгек шарттары жана жаш адистердин социалдык корголушу тууралуу пайдалуу маалыматтарды угуп, активдүү суроолорду беришти. Ошондой эле “Мен өз эмгек укуктарымды билем” аттуу презентация жана кызыктуу Kahoot оюн викторинасы өткөрүлдү.
Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан эскерүү белектери тапшырылды.
Иш-чара жылуу, таанып-билүү атмосферасында өтүп, студенттер уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.
#НарынМедКолледжи #ФПСК #DVVInternational #Жаштар #ЭмгекУкуктары #ДуалдыкБилим






































