Көңүлдүү старт
Биз биринчи орунду багындырдык!
10-ноябрь — “Жаштар күнү” жана 17-ноябрь — *“Бүт дүйнөлүк студенттер күнү”*нө карата өткөн “Көңүлдүү старт” спорттук эстафетасында биздин команда 1-орунду камсыздап, мыкты жыйынтык көрсөттү!
Бул жеңиш — биримдиктин, аракеттин жана командалык духтун жемиши. Ар бир катышуучунун эмгеги менен биз бул ийгиликти багындырдык.
Биздин команда — күчтүү, ынтымактуу жана дайым алдыга умтулган!
Бардык колдогондорго жана уюштуруучуларга ыраазычылык айтабыз. Мындан да чоң ийгиликтерге бирге жетели! ✨























