НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ЭКСКУРСИЯ
(21.10. 2022) Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы А.Тыныбеков атындагы орто мектептин 5-6- класстын окуучулары Нарын медициналык колледжине экскурсия кылып, таанышып кетишти.
Мектеп окуучуларына колледждин шарттары, окуу залдары жана материалдык техникалык базасы менен тааныштырылды.


















УСУЛДУК БӨЛҮМҮ тарабынан сестралык иштин негиздери” тайпасынын окуу программалары иштелип чыкты
Нарын медициналык колледжинин усулдук бөлүмү тарабынан:
1. Пилоттук негизде ачылган “Сестралык иштин негиздери” тайпасынын окуу программалары иштелип чыкты;
2. Жаңы окуу жылына окутуучулар тарабынан иштелип чыккан жумушчу программалары текшерилип бекитилди;
3. Окутуучулардын портфолиолору толукталууда;
4. Студенттер үчүн окуу-усулдук иштелмелерди чыгаруу улантылууда, анын негизинде редакциялык кеңеш иш алып барууда;
5. Жаңы окуу жылына иш мерчемдер бекитилди.










ЖАҢЫ КЕЛГЕН СТУДЕНТТЕР МЕНЕН БААРЛАШУУ
Нарын медициналык колледжинин жетекчилиги ар бир окуу жылынын башында жаңы тапшырган студенттер менен жакындан таанышуу жана алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардамдашуу максатында маектешүү жыйынын уюштуруп келет. Студенттер менен болгон жыйын Нарын медициналык колледжинин жыйындар залында өттү. Ага Нарын медициналык колледжинин директору Т.Б. Арпачиева, окуу иштери боюнча директордун орун басары
Г.К.Ходжанова жана 1-курстун студенттери катышты.
Жолугушууда студенттердин көйгөйлүү маселелери, ой пикирлери, сунуштары талкууланды. Баарлашуу эркин түрдө өтүп,
студенттер колледждин жетекчилигине сунуш пикирлерин айтып, суроолорун беришти.
Арпачиева Төлөгүл Батыркановна ар бир студенттин берген суроосуна кенен токтолуп, тиешелүү жоопторун берди.
Мындан ары да студенттер менен маектешүү жолугушуусун өткөрүп тураарын айтып өттү.









Бүгүн 2022-жылдын 12- октябрында Нарын шаарынын мэри Тутуев Канболот Мусаевичтин иш сапары Нарын медициналык колледжинде болду.
Нарын медициналык колледжи өзүнүн статусу боюнча областтык мекеме болгонуна карабастан Нарын шаарынын чок ортосунан орун алып, Нарын шаарынын борборундагы көрүнүктүү имаратта жайгашкан жана коммуналдык тейлөө жагынан шаардык ишканалар менен кызматташат. О.э аталган колледж шаардын коомдук жашоосунда бир катар активдүү позицияларды ээлейт.
Ошондуктан бүгүн 2022-жылдын
12- октябрында Нарын шаарынын мэри Тутуев Канболот Мусаевичтин иш сапары Нарын медициналык колледжинде болду.
Нарын шаарынын мэри аталган колледждин материалдык- техникалык базасы менен таанышуу менен бирге, колледждеги болуп жаткан жаңылыктар, акыркы учурдагы өзгөрүүлөр, алып барылып жаткан жаңы багыттагы иштер жана көйгөйлөр боюнча кабар алды.
Бул жолугушуу маалымат алуу денгээлинде гана болбостон, эки тарапка байланыштуу сунуш, пикирлер менен дагы коштолду.
Нарын медициналык колледжинин директорунун сунуштары :
-Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин өнүгүп жатканына байланыштуу, Нарын шаарында чакан типографиялык басмакана болуу зарылчылыгы бар экендиги;
-Нарын шаарындагы калкты тейлөө мекемелерине зарыл болгон окуу курсу “Биринчи жардам көрсөтүү” боюнча ыкмаларга үйрөтүүдө аталган колледждин потенциалын колдонууну сунуштады.
Жогорудагы сунуштарды Нарын шаарынын мэри маанилүү сунуш катары кабыл алаарын жана колдоорун билдирди.
Ошондой эле Нарын медициналык колледжинин директор тарабынан берилген колледждин айланасындагы ирригация системасы жана колледждин алдындагы тротуар боюнча суроолоруна, шаардын мэри бул эки маселе тең шаардын алдыдагы пландарына киргендигин жана жаз менен кошо ишке ашаарын билдирди.
Ал эми Нарын шаарынын мэри тарабынан Нарын медициналык колледжинин жетекчилигине колледждин түнкү жарыктануусу жакшы деңгээлде экендигин белгилөө менен тротуарлар тарапка дагы жарыктандырууну улантуу сунушу айтылды.
Колледждин директору Арпачиева Төлөгүл Батыркановна бул сунушту колго алаарын айтты.

































Нарын медициналык колледжинин эсеп-кысап бөлүмү тарабынан 2022-2023-окуу жылынын тарификациясы түзүлдү.
Нарын медициналык колледжинин эсеп-кысап бөлүмү тарабынан 2022-2023-окуу жылынын тарификациясы түзүлүп, 2022-окуу жылынын сентябрь айынан баштап колледждин эмгек жамаатына эмгек акыларынын эсеп баракчалары таратылды.










