👨🎓👩🎓УРМАТТУУ СТУДЕНТТЕР СИЗДЕРДИ 17-НОЯБРЬ ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ!!!
✨️Урматтуу Нарын медициналык колледжинин студенттери!
Жалпыңыздарды бүгүнкү 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
✨️Сиздерге бекем ден-соолук, окууңарга албан-албан ийгиликтерди каалап, турмуштан өз ордуңарды таап, тандаган кесибиңердин татыктуу ээси болуп, тилеген тилектериңиздердин орундалышына тилектешбиз.
✨️Сиздерди терең урматтоо менен НМКнын эмгек жамааты

https://www.facebook.com/share/e2HHHzNBNUo9giLk/?mibextid=I6gGtw
1-ДЕКАБРЬ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИД МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮ / СЫНАК
(01.12.2023) Нарын шаарындагы Нарын медициналык колледжинин жыйындар залында 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө” карата Нарын областтык СПИД борбору тарабынан шаардык деңгээлде иш чарасы болуп өттү.
Анда ВИЧ /СПИД тууралуу маалыматтар, дубал газеталардын, “Kahoot- окутуу платформасы” жана флешмоб конкурстары уюштурулду .
Нарын медициналык колледжинин студенттери аталган иш-чаранын баардыкконкурстарына катышып, анын ичинен “Kahoot-окутуу платформасы” конкурсунан 1-орунду ээлешти.
Нарын облустук профсоюз уюму тарабынан сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү” күнүнө карата НМКнын “Театр студиясынын” студенттери флешмоб уюштурулуп, аталган колледждин окутуучуларына жана студенттерине тартуулашты.

🏥# НМК # СПИДге КАРШЫ БИРИГЕБИЗ!#КОНКУРС
Нарын медициналык колледжинин студенттери “1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү” күнүнө карата конкурсуна даярданууда
Урматтуу Нарын медициналык колледжинин студенттери! Бүгүнкү “17-ноябрь -Эл аралык студенттер күнү” менен чын дилимден куттуктайм! Сиздерге жалындаган жаштыкты, тунук акыл-ойду, бекем эс тутумду, окуудагы ийгиликтерди каалоо менен бүгүнкү күндүн талабына ылайык, атаандаштыкка туруктуу кесипкөй адистерден болушуңарга тилегимди билдирем.
Нарын медициналык колледжиде жыл сайын болжол менен 190 студент кабыл алынып, 130 студент бүтүрүп чыгат.
Нарын медициналык колледжинин жалпы жаштарына жана студенттерине жалаң гана билим алуу эмес ар тараптуу өнүгүүгө шарттар түзүлгөн.
Биздин колледжде жаштар уюмунун тарабынан “Театр студиясы” 2018- жылы ачылып, бүгүнкү күнгө чейин маданий массалык иштерди жүргүзүп келишет. Жыл сайын Театр студия тарабынан Ч.Айтматовдун, З.Сооронбаеванын ж.б улуу авторлодун чыгармаларынан спектакль даярдап , Нарын академиялык драма театрында коюлуп, андан соң райондун борборлорунда тартууланып келет. Үстүбүздөгү жылы Ч.Атматовдун туулган күнүнө карата “Эрте жаздагы турналар” чыгармасы шаарыбыздын тургундарына көрсөтүлмөкчү .
Колледжде китеп окуу, интеллектуалдык-лидерлик өсүү боюнча студенттер иш-чараларга активдүү катышып келишет.
Ошондой эле колледжде спорттук иш-чаралар жаштар жана студенттердин катышуусунда өнүгүп келе жатат. Окутуучулардын жана студенттердин командалары түзүлүп, шаардык, областтык, республикалык деңгээлдеги оюндарда ийгиликтерди жаратып келишет. Аталган колледждин студенттери 2022-жылдын, июнь айында
Бишкек шарында уюштурулган республикалык “КОЛЛИ” лига кубогу боюнча волейбол мелдешинде биринчи оорунду ээлешти.
Дагы бир жолу Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм!
Урматым менен Нарын медициналык колледжинин директору
Арпачиева Төлөгүл Батыркановна.
