КОШ ЖЫЛДЫЗ” КАРОО- СЫНАГЫ/ НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
”КОШ ЖЫЛДЫЗ” КАРОО- СЫНАГЫ/ НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
(21.12.2023) Бүгүн Нарын шаарындагы М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драм театрында Нарын медициналык колледжинин эмгек жамааты арасында
“80-90-жылдарга сапар” аттуу “Кош Жылдыз ” кароо-сынагы өткөрүлдү.
Кароо-сынак кызматкерлерге моралдык дем берүү, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу жана структуралар аралык ынтымакты, достукту бекемдөө максатында өткөрүлдү.
Кароо-сынакка аталган колледждин эмгек жамаатынан 5 жуп чыгып, жалпы 10 кызматкер даярдык көрүшкөн.
Сынактын жобосуна ылайык катышуучулар саламдашуу ырларын көркөм окушуп, өзүлөрүн тааныштырып өтүштү. О.э. 80-90-жылдардагы ырларды созолонто ырдап, бийлеп өз өнөрлөрүн, таланттарын көрсөтүп, келген конокторду таң калтырышты.
Ар бир номерди биздин колледждин сулуу бийкеч кыздарыбыз бийлеп коштоп турду.
️Сынакты маданият кызматкерлеринен жана хореографтардан куралган калыстар тобу баалашты.
️Калыстар тобунун чечими менен
1- орунду 32 упай топтогон “Алтын-Нур” аталыштагы жуптар: чарба иштери боюнча директордун орун басары Мамытов Алтынбек Жээнбекович жана “Лабораториялык иштердин техникасы” сабагынын окутуучусу Тилекова Нурайым Тилековна камсыз кылды.
2-орунга 31 упай топтоп, “Жалын” аталыштагы жуптар: дене тарбия сабагынын окутуучусу Э.Э. Абылабеков жана колледждеги жаңы окутуучулардын катарын толуктап, массаж курсунун тренери Шайымалиева Гулзыйнат Замирбековна
Ал эми 30,2 упай топтоп, “Делбирим” аталыштагы жуптар:техникалык коопсуздук
инструктору Данияров Айбек Турганалиевич жана Фарм-химия сабагынын окутуучусу Касканова Анара Алымбековна 3-орунду камсыздашты.
Сынактын жыйынтыгында баардык катышуучуларга колледждин профсоюзу тарабынан диплом, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.
Чынында НМКда чыгармачыл таланттар көп экендигин сынак дагы бир ирет тастыктады.
Кароо сынакты уюштуруучуларына жана колдоп берген НМКнын директору Арпачиева Төлөгүл Батыркановнага терең ыраазычылык билдиребиз.
Нарын медициналык колледжинин “Кош Жылдыз” кароо-сынагынын катышуучуларын колдоп келген үй-бүлөлөрүнө, ата- энелерге, студенттерге жана баардык күйөрмандарга ыраазычылык билдиребиз.
Сынак жогорку деңгээлде өтүп, элдин купулуна толду.
#НМК#КОШ ЖЫЛДЫЗ#СЫНАК#2023