Кургак учукка каршы күнү
Нарын медициналык колледжинин студенттери кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чараларга катышты
24-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Нарын медициналык колледжинин 3-курсунун студенттери Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда уюштурулган ачык эшиктер күнүнө активдүү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, электрондук база, лаборатория, ооруну аныктоо ыкмалары жана дарылоо процесстери боюнча дарыгерлер жана лаборанттардан кеңири маалымат алышты.
Мындан тышкары, экскурсия маалында OneImpact Kyrgyzstan мобилдик тиркемеси тууралуу түшүндүрмө берилип, студенттер жана окутуучулар бул тиркемени жүктөп алышты. Бул колдонмо кургак учук оорусу тууралуу маалымат алууга, медициналык кызматтарга жетүүгө жана көйгөйлөрдү билдирүүгө мүмкүндүк берет.
#КургакУчук #ДүйнөлүкКургакУчукКүнү #МедицинаСтуденттери #СаламаттыкСактоо #EndTB #WorldTBDay #MedicalStudents #HealthCare #TuberculosisAwareness #YesWeCanEndTB