Нарын медициналык колледжинде жаңы мүмкүнчүлүктөр!
Нарын медициналык колледжинде жагымдуу жаңылык орун алды. Колледжде
гимнастика залы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп,
ошондой эле балдар массажы үчүн жаңы, өзүнчө кабинет ачылды.
Буга чейин колледжде жалпы массаж кабинети иштеп келген жана анда массаж боюнча окуу курстары өткөрүлүп келген. Эми ага кошумча катары заманбап талаптарга жооп берген, атайын жабдылган балдар массажы кабинети пайдаланууга берилди.
Жаңы ачылган окуу кабинети жана гимнастика залы студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана ыңгайлуу окуу шарттарын түзүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Бул иштердин ишке ашуусуна салым кошкон бардык жетекчиликке, окутуучуларга жана кызматкерлерге ыраазычылык билдиребиз. Жаңы зал менен кабинеттер келечектеги мыкты медициналык адистерди даярдоого кызмат кыла берсин!






