Нооруз – жаңылануунун, үмүттүн майрамы
Нооруз майрамын утурлай Нарын медициналык колледжинде өзгөчө шаңга бөлөнгөн, улуттук духка сугарылган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Колледждин аймагында ак өргөө — боз үй тигилип, айлана жыпар жыттуу даамдарга, шаңдуу күлкүгө жана ак тилектерге толду. Улуттук кийимчен студенттер менен окутуучулар майрамга өзгөчө көрк берип, кыргыз элинин салтын даңазалашты.
Салтка ылайык сүмөлөк кайнатылып, казандын башында ак ниет, жакшы тилектер айтылып, ар биринин жүрөгүндө үмүт жанды. Таңдан кечке чейин кайнап, түн ичинде бышкан сүмөлөк — берекенин, биримдиктин белгиси болуп, эртең менен баары менен бөлүшүлдү.
Кечкисин жайылган дасторкондо улуттук даамдар коюлуп, орозо кармаган жамаат менен бирге ооз ачар берилип, ынтымак менен бир туугандык дагы бир ирет даңазаланды.
Бул майрам — муундан муунга өтүп келген ыйык салттардын жанданып, жүрөктөрдү жакындаткан өзгөчө күн болду.
Нооруз – ар бир үйгө береке, ар бир жүрөккө жылуулук алып келген улуу майрам!








