Практикалык сабак: Балдар арасында санитардык билим берүү
«Ден соолукту чыңдоо жана санитардык агартуу» дисциплинасынын алкагында окутуучубуз Нуркасымова Б. 2-курстун «Медайымдык иш» адистигинин студенттери менен биргеликте практикалык сабакты өзгөчө форматта өткөрүштү.
Бул жолу сабак теория менен гана чектелбестен, балдар бакчасындагы кичинекей бөбөктөргө санитардык агартуу жүргүзүү аркылуу уюштурулду. Студенттер:
– Колду туура жууунун ыкмаларын
– Тишти туура тазалоонун жолдорун
– Тиштерге пайдалуу жана зыяндуу жемиштерди
көрсөтмөлүү куралдар аркылуу, оюн форматында түшүндүрүштү. Бөбөктөр активдүү катышып, кызыгуу менен жаңы маалыматтарды кабыл алышты.
Сабактын темасы: Мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар арасында санитардык агартуу иштерин жүргүзүү.
Мындай практикалык сабактар студенттердин кесиптик чеберчилигин арттырып, коом менен иштөө тажрыйбасын байытат. Ал эми бөбөктөр үчүн бул – ден соолукка пайдалуу адаттарды эрте калыптандыруунун маанилүү кадамы.
Алдыда студенттер башка темалар боюнча да ушундай форматта иш алып барып, дагы башка бала бакчаларды жана мектептерди камтууну пландап жатышат.
Мындан ары ушундай пайдалуу жана кызыктуу иш-чараларды «Сабак чөйрөсү» рубрикасы аркылуу бөлүшүп турабыз.
#НарынМедКолледжи #СанитардыкАгартуу #ДенСоолук #СестралыкИш #ПрактикалыкСабак #Сабакчөйрөсү




