Заманбап зыяндуу адаттар. Вейп
Нарын медициналык колледжинде “Заманбап зыяндуу адаттар. Вейп” аттуу акция өткөрүлдү
Нарын медициналык колледжинин жалпы клиникалык кошуну тарабынан өспүрүмдөрдүн саламаттыгын коргоого багытталган маанилүү акция өткөрүлдү. Иш-чарага 4 ДИБ тайпасынын студенттери, Нарын шаарындагы бир нече мектептердин окуучулары жана Нарын облусунун ИИБнин баңгизатка каршы бөлүмүнүн кызматкерлери да катышты.
Акциянын уюштуруучусу – “Дени сак адам жана анын чөйрөсү” сабагынын окутуучусу Шаршенова У.А.
Программа төмөнкүлөрдү камтыды:
- Вейп жана электрондук тамекинин зыяндары боюнча видео презентация
- Студенттер тарткан таасирдүү сценка “Түтүнгө алданба!”
- LED экран аркылуу суроо–жооп бөлүгү, интерактивдүү оюндар
- Нарын облусунун ИИБ баңгизатка каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан профилактикалык түшүндүрүү иштери
- Акция соңунда чакан фуршет
Максат — жаштарга вейп “зыянсыз” эмес экенин, никотин көз карандылыгы, өпкө жана жүрөк оорулары сыяктуу коркунучтарды түшүндүрүү жана сергек жашоого үндөө.
Бул иш-чара жаштардын ден соолугуна болгон жоопкерчилигин арттырууга, туура тандоо жасоого жана зыяндуу адаттардан алыс болууга багытталды.
Сергек жашоо – сергек келечек!
Нарын медициналык колледжи ден соолукту чыңдоого жана алдын алуу иштерин уланта берет.

